Алмазбек Атамбаев: "Сен ооруба, мен ооруюн, Ата Журт" деген саптар бар. Бирок өлкөбүз 20 жылдан бери ооруп келе жатат"
Кыргызстан 5 жылдын ичинде көз карандысыз, өнүккөн жана күчтүү мамлекет болушу керек. Мындай пикирди президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңешинин жыйынында айтты. Ошондой эле Алмазбек Атамбаев: "Алыкул Осмоновдун "Сен ооруба, мен ооруйун, Ата Журт" деген жакшы ыр саптары бар. Бирок Кыргызстан 20 жылдан бери ооруп келе жатат. Андыктан баарыбыз биригип өлкө үчүн бүт күчүбүздү жумшайлы", - деди. Эске салсак, бүгүн Алмазбек Атамбаев коомчулукка 2013-2017-жылдар аралыгындагы Кыргызстандын өнүгүү стратегиясынын жолун тааныштырууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:54
2025-11-18
22:40
2025-11-18
15:55
2025-11-18
9:35
2025-11-18
8:59
2025-11-18
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















