super.kg logo

Жактоочу: "Эвакуацияланган унаалар үчүн төлөнгөн айып казынага түшпөйт экен"

 

Эвакуацияланган унаалар үчүн төлөнгөн айып казынага түшпөйт. Бул тууралуу жактоочу Шердор Абдыкапаров SUPER.KG порталына билдирди.

"Мадина" базарынын жанында унаа токтотууга тыюу салынган белги бар. Ал жерге ким унаасын токтотсо, эвакуатор менен тосмого алып кетишет. Эл унаасына барган учурда МАИ кызматкерлери протокол түзбөй, акчаны колуна алып, кийин өзүбүз төлөйбүз деп кезекке турбайлы деген таризде жөнөтүп жиберишет экен. Мага ушундай арыздар менен бир нече адам кайрылды. Мен өзүм текшерүүгө бардым. Мен унааны Мамбетов көчөсүнөн бир аз өйдө токтотуп, анан унааны эвакуатор менен алып кетишти.

Унаага келгенде менде да ошондой окуя болду, протокол түзүлбөй, колумдагы акчаны алып бошотушту. Атайын бир ай күтүп, кийин протоколго барсам, ал жок экенин айтышты. Анан акчамды кайтарып берип, ката чыгып кеткендей кечирим сурашты. Бул бул схема тынымсыз болуп турат жана эвакуацияланган унаалар үчүн айыптын бардык түрү казынадан өтүп кетет дегенди билдирет. Ушул жерде ушундай абалга туш болгондор болсо мага кайрылыңыздар" - деди ал.

Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматына кайрылганыбызда, кызматкерлердин аты-жөнү так болбогондугуна байланыштуу маалымат бере албай тургандыгын билдиришти.

Ал эми Шердор Абдыкапаров алгачкы жолу кызматкерлерди кечиргенин жана алардын аты-жөндөрүн унутуп калганыдыгын билдирди. Анын айтымында, жогорудагы иш уланууда.






Шердор Абдыкапаров

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: