Уруш түрүндөгү самбо боюнча Дүйнө чемпиондугунда кыргызстандыктар 2 коло медаль утушту
Самбонун 75 жылдыгын белгилөөнүн алкагында уюшулган уруш түрүндөгү самбо боюнча Дүйнө чемпиондугунда кыргызстандыктар 2 медаль утушту. Бул тууралуу бүгүн, 25-ноябрда мелдештин расмий сайты билдирет.
Маалыматка ылайык, Орусиянын Санкт-Петербург шаарында өткөн мелдеште кыргызстандыктардан Абдыназар Купуев 68 килограмм салмак категориясында, Курманбек Адил уулу 82 килограмм салмакта коло медаль тагынышты.
Эске салсак, Дүйнөнүн 75 өлкөсү катышкан Дүйнө чемпиондугунда 15 алтын, 4 күмүш жана 8 коло медаль менен үй ээси Орусия командалык эсепте 1-орунду камсыздаган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:14
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















