Кызыл-Кыяда көп кабаттуу үйдүн балкону өрттөндү
Кызыл-Кыя шаарында көп кабаттуу үйдүн балконунан өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады."Кызыл-Кыя шаарында жайгашкан көп кабаттуу үйдүн батиринин балконунда өрт чыгып жаткандыгы тууралуу маалымат түшөр замат, өрт кесепеттерин жоюу үчүн шаардагы 1 бөлүм тартылган. Батир ээлери жок болгондуктан куткаруучулар өрт кесепетин жоюу иштерин көп кабаттуу үйдүн сыртынан жүргүзүүгө аргасыз болушкан", - деп билдиришти ӨКМдан.
Такталган маалымат боюнча, өрт батирдин балконунда орнотулган электр мешин пайдалануудагы кыска чыңалуудан чыккан. Өрттүн кесепетинен 1 даана палас жана шкаф күйүп кеткен.
Өрттүн жалпы аянты 5 чарчы метрге жетип, саат 14:16да өрт чектөөгө алынып, куткаруучулардын аракети менен саат 14:20да толугу менен өчүрүлгөн. Өрттөн жабыр тарткандар жок.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















