Жалал-Абадда жер көчкү түшкөн аймактан бир үй-бүлө көчүрүлдү
Жалал-Абадда жер көчкү түшүп, ашкананы басып калды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, кырсык 26-мартта саат 16:00 чамасында орун алды.
Белгилүү болгондой, Шор-Булак тилкесинде көлөмү болжол менен 75 куб метр жер көчкү түшүп, бастырманы толугу менен жана жайкы ашкананы басып калган. Бактыга жараша, адам өмүрүнө зыян келтирилген жок.
Жерине ӨКМнын Жалал-Абад облустук башкармалыгынын башчысынын жетекчилигинде куткаруучулардан турган ыкчам топ тартылган. Аймактын кооптуулугун аныктаган топ ошол тилкеде жашаган жаранды үй-бүлөсү менен коопсуз жайга көчүрүштү.
Ал эми тазалоо иштери Жалал-Абад шаарынын мэриясы тарабынан жүргүзүлөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















