Бишкекте курулуш чарбадан өрт чыгып, эки адам күйүк алды
Бишкекте 27-март күнү Байтик Баатыр көчөсүндө жайгашкан курулуш чарбадан өрт чыкты. Кырсыктын кесепетинен 2 адам күйүк алганын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.Маалыматка ылайык, курулуш чарбанын жыгач устундуу шифер жабылган 40 чарчы метр чатыры күйдү. Жерине бир өрт өчүрүү бөлүмү тартылган.
"Өрттүн кесепетинен 2 эркек киши күйүк алып, "Тез жардам" кызматы менен күйүк борборуна жеткирилди, учурда жабырлануучулардын аты-жөнү такталууда. Өрт саат 23:27де чектөөгө алынып, саат 23:44тө толук өчүрүлдү.
Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда", - деп айтылат билдирүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















