Бишкекте кафелердин биринен жанынан шаар тургунун карактап кеткендер кармалды
Бишкекте түн ичинде кафенин жанынан шаар тургунун карактоого шектүүлөр кармалды. Ленин РИИБинин маалымат кызматынан кабарлашкандай, кармалгандар жабырлануучуга 30 миң сомдой зыян келтирген.Окуя 24-мартта саат 23:27 чамасында Чүй кең көчөсү менен Бейшеналиева көчөсүнүн кесилишиндеги кафелердин биринин алдында катталган. Анда белгисиз жарандар шаар тургунуна физикалык күч колдонуп, 10 миң сомун жана Redmi 9 А (баасы 17 миң 500 сом) телефонун тартып алышкан.
Бул факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине 207-берене менен катталып, сотко чейинки тергөө амалдары башталган.
"Ыкчам тергөө иштеринин жүрүшүндө, шектүү делинип 1994-жылы туулган Ж.М. жана 1993-жылы туулган К.И. кармалды. Ленин райондук соту тарабынан шектүүлөр 1 айга СИЗО-1ге камакка алынды. Учурда алардын мындан башка дагы кылмыш иштерине тиешеси бар же жоктугу териштирилүүдө", - дешти маалымат кызматынан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















