Баткенде 23 жаштагы жаран көп кабаттуу үйдөн боюн таштоого аракет кылды (видео)
Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында 23 жаштагы жаран 4-кабаттан боюн таштоого аракет кылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты."2-апрель күнү саат 13:49да Кызыл-Кыя шаарындагы 4 кабаттуу имараттын чатырынан А.Т. аттуу жаран боюн таштоого аракеттенип жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Жерине Тоо кырсыгынан куткаруу кызматынын башчысы С.Эргешов баштаган куткаруучулар жана Кызыл-Кыя шаардык куткаруучулар бөлүмү тартылып, сүйлөшүүлөрдөн кийин 23 жаштагы А.Т. аттуу жаранды куткаруу иши ийгиликтүү аяктады", - деп билдиришти ӨКМдан.
Куткарылган жаран милиция кызматкерлерине өткөрүп берилген.
Баткенде 23 жаштагы жаран 4-кабаттан боюн таштоого аракет кылды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
-1
-1
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















