Баткенде унаа уурдоого шектелип Чүй облусунун тургуну кармалды
Баткенде 27 жаштагы жаран унаа уурдоого шектелип кармалды. Облустук ички иштер башкармалыгынан белгилешкендей, Лейлек районунун 50 жаштагы тургуну Хундай Портер унаасын белгисиз адамдар уурдап кеткенин айтып арызданган.Бул арыз 211-берене (Автомототранспорт каражаттарын айдап качуу) менен Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, кылмыш иши козголгон.
Ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө Чүй облусунун 27 жаштагы Р.С. аттуу тургуну Сүлүктү шаарында изин жашырып жүргөн жеринен кармалды. Ал Лейлек районунун Ак-Суу айыл аймагында убактылуу жашап жатканы аныкталды. Азыркы күндө тергөө иштери жүрүп жатканын кошумчалашты басма сөз кызматынан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















