Бишкекте эртең менен үйгө кирип, кожоюнду карактап кеткенге шектүү колго түшүрүлдү
Бишкекте турак үйгө кирип, үй ээсин карактап кеткенге шектүү кармалды. Биринчи Май РИИБдин маалымат кызматынан билдиришкендей, жабырлануучу 59 миң сом зыянга учураган.Маалым болгондой, 12-апрелде шаар тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Анда ошол эле күнү саат 09:30 чамасында үйүнө белгисиз адам кирип, коркутуу жолу менен 59 миң сомун тартып алганын билдирген.
Бул факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине 207-берене (карактоо) менен каттоого алынган.
"Ыкчам тергөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектелип 1993-жылы туулган Б.Н. кармалып убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда сотко чейинки тергөө иштери улантылууда", - дешти маалымат кызматынан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















