Бишкекте камакка алынган жаран ооруканадан качып кетти
Бишкекте тергөө камагына алынган жаран ооруканадан качып кетти. Октябрь РИИБинин маалымат кызматынан кабарлашкандай, шектүү кайра Аламүдүн-1 кичи районунан кармалды.Маалым болгондой, 26-апрелде саат 20:00 чамасында Улуттук хирургия борборунда жаткан 1997-жылы туулган Э.Н. качып кеткен. Ал буга чейин алдамчылыкка шектелип кармалып, Октябрь райондук сотунун чечими менен кармалган жаран СИЗО-1ге камакка алынган.
Ыкчам тергөө иштеринин жүрүшүндө шектүү Аламүдүн-1 кичи районунан кармалды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















