Бүгүн, 28-ноябрда Алай районунда жер титирөө болду
Бүгүн, 28-ноябрь
күнү Ош облусунун Алай районунда саат 7:19да күчү 5 баллга жеткен жер титирөө
катталды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин
маалымат кызматына Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын
Сейсмология институтунун адистери билдиришкен. Сейсмологдордун
айтымында, жер титирөөнүн очогу Нура, Бор-Дөбө, Сопу-Курган айылдарына жакын
жайгашкан аймактарда катталган.
Автор: Темирбек Матаев
Эл жашаган Нура, Бор-Дөбө,
Көк-Суу, Эркеч-Там айылдарында жер титирөөнүн күчү 4 балл, Сары-Таш, Талды-Суу
айылдарында 3 баллга жеткен. ӨКМ кызматкерлеринин маалыматында табият
кырсыгынан жапа чеккендер катталган эмес.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:13
2025-08-17

15:40
2025-08-16

14:30
2025-08-16

Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
514947a

29.11.2013. 12:46
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эл толкуса жер толкуйт. Алайлыктар тынчтыкта, бейпил турмуш кечириңиздер, саясат элге эмес, эл башкарам дегендерге эмеспи.Эл тынч, жер тынч болсун.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.