Бүгүн таңга маал Ош, Жалал-Абад облустарында жер титиреди
Ош жана Жалал-Абад облустарынын аймагында жер титирөө катталып, күчү 4 баллга жетти . Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, жер титирөө бүгүн, 28-апрелде таңкы саат 04:28де катталды.Жер титирөө Өзгөн районунун Шоро-Башат айылында 4 балл, Красный Маяк, Жыланды айылдарында 3,5 балл, Шералы, Кароол, Бакмал, Ничке-Сай айылдарында 3 балл, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Благовещенка, Бек-Абад, Сузак, Жар-Кыштак айылдарында 3 балл, Жалал-Абад жана Көк-Жаңгак шаарларында 2 баллга чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















