Нарында 800 баш кой менен Калмак ашуусунда калып калган 4 чабан куткарылды
Нарын облусунун Кочкор районунда жайлоого кетип бара жатып кардан улам Калмак ашуусунда калып калган чабандар куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.Кечээ, 27-апрелде Кочкор районунан Соң-Көл жайлоосуна бара жаткан 4 чабан мал-жандыктары, 800 баш кой менен кардын калыңдыгына байланыштуу Калмак ашуусунан аша албай калган.
Катаал аба ырайынан улам жайлоого жете албай калган чабандарга 5 куткаруучу тартылып, аларды мал-жандыктары менен Төлөк айылына аман-эсен жеткирип беришкен.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















