"Атын жамынып насыя алган". Токмокто алдамчылыкка шектүү жаран аныкталды
Токмокто абакта жазасын өтөп жаткан жаран алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга 1984-жылы туулган Б.К. аттуу жаран кимдир бирөө анын атынан 10 миң сом өлчөмүндөгү насыя алгандыгын билдирген.
"Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө алдамчылыкка шектелген жарандын аты-жөнү такталып, абакта жазасын өтөп жаткан 1999-жылы туулган Б.У. аныкталды. Шектүү тергөө кызматына өткөрүп берилди.
Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда", - деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















