Стамбул-Ош аба каттамынын жүргүнчүсү 2 жарым миллион сомду түзгөн дары-дармекти өлкө аймагына киргизүүгө аракет кылган
Жалпы суммасы 2 жарым миллион сомду түзгөн дары-дармектерди аткезчилик жол менен өлкөгө алып келүү фактысы аныкталды. Мамлекеттик бажы кызматынан белгилешкендей, контрабандалык жүк Стамбул-Ош аба каттамынын жүргүнчүсүнөн аныкталган.
"Ош" аэропортунун бажы көзөмөлүнөн жалпы суммасы 2 миллион 498 миң 835 сомду түзгөн дары-дармек аныкталган. Бул каражаттардын тиешелүү уруксат кагаздары болгон эмес, жүк Түрк жаранына таандык болгон.
Бул окуя боюнча чогултулган материалдар юридикалык баа берүү үчүн Ош облустук прокуратурасына жөнөтүлдү", - деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















