Издөөдө жүргөн Өзбек жараны Кыргызстандан кармалды
Ош шаарында мурда издөөдө жүргөн коӊшу мамлекеттин жараны кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.Маалыматка ылайык, Өзбекстандын Кылмыш кодексинин 168-беренеси (алдамчылык) менен айыпталып, аталган өлкөнүн 1991-жылы туулган М-в. А. аттуу жараны 2021-жылдын 3-сентябрынан бери издөөдө жүргөн.
Ыкчам иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, аталган жаран 20-июнь күнү Ош шаарынын Амир-Темур кичи шаарчасында кармалып, 527-берененин талаптарына ылайык Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Аны өз мекенине кайтаруу боюнча тиешелүү иш-чаралар аткарылып жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















