Кочкордо 36 жаштагы жаран сууга чөгүп каза болду
Нарын облусунун Кочкор районунда 36 жаштагы жаран сууга чөгүп каза болду. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.Куткаруучуларга кечээ, 28-июнда Кочкор районуна караштуу Кара-Күңгөй айылынын Деркенбай тилкесиндеги Кара-Күңгөй суусуна 1986-жылы туулган К.С. аттуу эркек киши түшүп кеткендиги тууралуу билдирүү түшкөн.
Кырсык катталган жерге 5 куткаруучу жана райондук ички иштер бөлүмүнөн 5 кызматкер тартылып, издөө иштеринин натыйжасында саат 19:00дө жогоруда аталган жарандын сөөгүн суудан чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүлдү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















