Бишкектеги "Дордой" базарында 42 соода түйүн, 9 павильон жарактан чыкты
Бишкектеги "Дордой" базарында 42 соода түйүнү, 9 күркө жарактан чыкты. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ, 5-июлда "Дордой" базарында жайгашкан кытай катарында металлдан жасалган 42 соода түйүнү (контейнер), тез тамактануучу жай, шаурма жана суусундук саткан 9 павильон күйгөн.
Өрттөнгөн соода түйүндөрүндө кийим-кече сатылчу. Ал эми тилсиз жоо жалпысынан 1000 чарчы метр аянтта жайгашкан соода түйүндөрүн жарактан чыгарып, анын кесепетинен 2 адам түтүнгө ууланган.
Алар №4 шаардык ооруканага жеткирилген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















