Кадамжайда "Йакын Инкар" диний агымынын 5 мүчөсү кармалды
Кадамжайда “Йакын Инкар” диний агымынын 5 мүчөсү кармалды. Баткен ОИИБинен билдиришкендей, алар жашоого толук шарты жок бир бөлмөлүү үйдө таңга маал жыйын өткөрүп жаткан жеринен кармалышкан.Алар “Йакын-Инкар” диний агымынын мүчөсү катары каттоодо турган Марказ айылынын 28 жаштагы М.У, 44 жаштагы К.А, 53 жаштагы С.М жана Үч-Коргон айыл аймагынын (каттоодо турбаган) 32 жаштагы У.Д., 40жаштагы Г.Ш. тургундары болушкан.
"Кадамжай райондук сотунун тергөө судьясынын санкциясынын негизинде Үч-Коргон айыл аймагынын тургуну 40 жаштагы Г.Ш.нын жашап жаткан үйүнө тинтүү жүргүзүлгөн. Алардын жанынан 26 китеп, 19 даана ар кандай маанидеги баракчалар алынып, тийиштүү экспертизалар дайындалды", - деп жазылат билдирүүдө.
Кармалгандарга карата тиешелүү кылмыш иши козголуп, учурда тергөө иштери жүрүп жатканы айтылат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















