"Унаасы экиге бөлүнүп". Ошто Hyundai Santa Fe түркүктү сүзүп 3 адам каза болду
Ош шаарында жол кырсыгы катталып, 3 адам каза болду. Бул тууралуу шаардык милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, кырсык 26-июлга караган түнү Гапар Айтиев көчөсүндө болгон.
"Hyundai Santa Fe үлгүсүндөгү унаа Гапар Айтиев көчөсүндө катуу ылдамдык менен бара жатып жолдун оң тарабында турган жарнама илинген түркүктү сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен 3 адам каза болду", - деп билдиришти кайгуул кызматынан.
Ош шаарында 3 адамдын өмүрүн алган жол кырсыгы катталды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















