Япония элчилиги Таластагы 6 мектепке эмеректерди берди
3-декабрда Япониянын Кыргызстандагы элчиси Такаюки Коикэ Талас облусунун Талас районундагы Б.Жанузаков атындагы орто мектепке барып, элчиликтин атынан 6 мектепке парта, отургуч, кийим илгич жана башка керектүү эмеректерди тапшырды.
Автор: Дамира Арстанова
Элчи менен жолугушууга Өкмөттүн Талас облусундагы өкүлүнүн орун басары Рыскелди Ботиков, райондун акими
Байрак Сейдибалиев жана мектеп директорлору катышты.
Ошондой эле Япония элчилиги Чат-Базар айылындагы А.Эшалиев атындагы балдар бакчасын оңдоп-түзөөгө муктаж болгон имараттардын тизмесине жазып кетти.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:54
2025-11-18
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео

















