super.kg logo
  Саясат  

Адилет министрлигинин кадрлар бөлүмүнүн башчысы пара алып жаткан жеринен кармалды

 

Адилет министрлигинин кадрлар бөлүмүнүн башчысы пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул туурасында Бишкек ШИИББнин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, кадрлар бөлүмүнүн башчысы министрликтеги башкы адис кызматына жумушка алуу үчүн жарандан акча сураган.

Айта кетсек, жумушка алуу сынактын негизинде жүргүзүлөт.

Сынактын биринчи турунда кадрлар бөлүмүнүн башчысы тесттин даяр жообун бергендиги үчүн  жарандан 400 АКШ долларын алган. Бирок кызматка кирем деген айым тиешелүү бааны албай калгандыктан, андан дагы комиссиянын 8 мүчөсү үчүн деп 2000 АКШ долларын сураган. Кадрлар бөлүмүнүн башчысы айымдан 30 миң сом алып жаткан жеринен кармалган. 

Учурда ага "акча өндүрүү" беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.






Адилет министрлигинин кадрлар бөлүмүнүн башчысы пара алып жаткан жеринен кармалды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: