ОшМУ ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 47 студентке 500 сом өлчөмүндө социалдык стипендия берди
3-декабрь - Эл аралык майыптар күнүнө карата Ош мамлекеттик университети ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 47 студентке 500 сом өлчөмүндө социалдык стипендия берди. Окуу жай тарабынан атайын түзүлгөн комиссия жардамга муктаж, ата-энеси жок, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген, турмуш шарты оор, 2010-жылы Ош жана Жалал-Абад облустарындагы Июнь окуясында жабыр тарткан студенттердин арыздарын карап чыгышты. Андан соң 2013-2014-окуу жылы үчүн жалпы университет боюнча күндүзгү окуу бөлүмүндө келишимдик негизде билим алып жатышкан 360 студентке жеңилдиктер берилди. Жеңилдиктин жалпы суммасы 1 миллион 112 миң сомду түздү. Бул тууралуу аталган окуу жайдын тарбия департаментинин директору Божонов Замир билдирди.
Автор: Аксана Паизова
Мындан сырткары университет тарабынан шаардагы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 5 адамга 1000 сомдон акчалай жардам тапшырылгандыгын кошумчалады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:27
2025-11-23
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















