Тоннелдин ичинде бузулуп калган унаа чыгарылды
Тоннелдин ичинде унаа бузулуп, куткаруучулар көмөк көрсөтүштү. Бул тууралуу ӨКМдан билдиришти.Маалыматка ылайык, бүгүн, 15-август күнү Жайыл районунун Бишкек-Ош унаа жолунун 129-чакырымында К.Көлбаев атындагы тоннелдин ичинде Нива үлгүсүндөгү унаа бузулуп калгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Жеринде нөөмөттө турган ӨКМнын Тоо кен куткаруу кызматынын 6-өзүнчө мобилдешкен тоо кен куткаруу взводунун тобу тартылып, унааны тоннелдин түштүк тарабына сүйрөтүп чыгарып беришкен.
Маалымат боюнча жабыркагандар жок.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















