Кочкор-Атада дөңгөлөк саткан жайдан өрт чыкты
Жалал-Абадда дөңгөлөк саткан дүкөндөн өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ноокен районуна караштуу Кочкор-Ата шаарында дөңгөлөк саткан дүкөндөн өрт чыккандыгы боюнча маалымат түшкөн. Жерине саат 06:14тө бир өрт өчүрүү бөлүмү тартылган.
"Өрттүн көлөмү чоң болгонуна байланыштуу жардамга "Кыргызнефтегаз" ААКтан эки өрт өчүрүүчү унаа жана Кочкор-Ата шаардык Тазалык ишканасынан автошаты тартылган. Өрт саат 06:39да курчоого алынып, саат 08:49да толук өчүрүлдү.
Күйгөн жердин жалпы аянты 496 чарчы метрге жетип, келтирилген чыгымдын жалпы суммасы 4 миллион сомду түздү", - деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















