Чүйдө адам өлүмү менен коштолгон жол кырсыгы. Айдоочу мас абалда кармалды
Панфилов районунда адам өлүмү менен коштолгон жол кырсыгына мас айдоочу шектелүүдө. Бул тууралуу Чүй ОИИББинен билдиришти.Маалыматка ылайык, 20-август күнү Чүй облусунун Панфилов районунун 80-чакырымындагы Бишкек-Чалдовар унаа жолунда 1971-жылы туулган П.Э.нын башкаруусундагы Опел-Омега үлгүсүндөгү унаа менен 1979-жылы туулган К.К. аттуу жарандын башкаруусундагы Киа үлгүсүндөгү унаалар сүзүшкөн.
Натыйжада Кианын айдоочусу алган жаракатынан улам каза болгон. Ал эми Опел-Омега унаасынын айдоочусу П.Э. мас абалында болуп, каршы тилкеге чыгып кеткен.
Аталган факты боюнча кылмыш иши козголгон. Опел-Омега унаасынын айдоочусу кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө иштери уланууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















