Ысык-Көлдөгү жайлоого кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткан Кытай жаранынын сөөгү суудан табылды
Ысык-Көлдө бир айга чукул убакыттан бери дайынсыз болуп жаткан 22 жаштагы Кытай жаранынын сөөгү 25-август күнү Каракол капчыгайындагы суудан табылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.Маалыматка ылайык, 2000-жылы туулган Кытай жараны Сай Тун Бишкек шаардык гуманитардык университетинин 3-курсунун студенти болгон. Анын жоголгондугу тууралуу алгач маалымат ИИМге 1-августта түшүп, милиция тарабынан издөө иши 18-августка чейин уланган.
25-август күнү саат 15:59да Каракол капчыгайындагы сууда жансыз дене жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.
Жерине саат 16:05те 5 куткаруучу, ИИМден 8 кызматкер тартылып, суудан Кытай жаранын сөөгү чыгарылып, саат 18:16да РИИБге өткөрүлүп берилген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















