super.kg logo
  Саясат  

Акаев Эл аралык кылмыш сотунун келишимин тез арада ратификациялоо керектигин айтты

 

Бүгүн, 21-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында эл өкүлү Жанар Акаев Кыргызстан Эл аралык кылмыш сотунун негизги документи болгон Рим статуту деген эл аралык келишимди тез арада ратификациялашы керектигин айтты.

Жыл сайын ондогон адамдарыбыз өлүп кетпеши үчүн биз аларды экинчи мындай кол салууга барбай тургандай кадамдарга барышыбыз керек. Өзүңөр билесиңер, эл аралык кылмыш соту бар. Рим статуту деп коёт. Ага Тажикстан мүчө, Кыргызстан азыркы күнгө чейин мүчө эмес. Ошол жерде “Эгер аскердик, агрессиялык кылмыш жасаса, бул эл аралык сотто жооп бериши керек” деп так жазылып турат. Биздин жай тургундарыбызды куралдуу күч менен басып кирген, алдын ала пландалган куралдуу кол салууну уюштурган агрессор, диктаторлор эл аралык кылмыш сотунда жооп берүүгө тийиш”,- деди ал.

Акаев өкмөттүн парламенттеги өкүлүнө, "Рим статутун алып келиңиздер, парламент жактырып берели" деп кайрылды.

Кошумчалай кетсек, Эл аралык кылмыш сотунун Рим статуту – эл аралык келишим болуп саналат. Ал 1998-жылы 17-июлда Римде өткөн дипломатиялык конференцияда кабыл алынган жана 2002-жылдын 1-июлунда күчүнө кирген. 2016-жылдын март айына карата келишимге 139 мамлекет кол койгон, бирок алардын 124ү ратификациялаган.






Жогорку Кеңеш 21.09.22

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: