super.kg logo

"Көкпар негизги болот". Көк бөрү оюну Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынан чыгарылдыбы?

 

Түркияда өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынан айрым Кыргызстандын улуттук спорт түрлөрү чыгарылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына өздүк булактар билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кыргызстан IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү укугун Түркияга спорттун үч түрү: көк бөрү, эр эңиш жана кыргыз күрөшүн киргизүү шарты менен өткөрүп берген. Бирок Түркия тарап Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына көкпарды негизги оюн катары белгилеп, ордо, эр эңиш жана кыргыз күрөштү алып салган.

"Уюштуруучулар көкпарды Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына негизги оюн катары киргизип, көк бөрүнү көрсөтмө оюн катары жазып коюшуптур. Алар эгер көк бөрү ойносоңор тай казанды өзүңөр алып келип, байгени дагы өзүңөр койгула деп жатат.

Үч жолу Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары көк бөрү эрежеси менен өтүп, эми минтип көрсөтмө оюндарына айланып калганы кандай?", - деди өздүк булак.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына көк бөрүдөн дагы, көкпардан дагы эки улуттук курама команда даярдалып жаткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
22.09.2022. 14:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Түрктөрдөн баарын күтсө болот.
22.09.2022. 14:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстанды баардык тараптан признавайтетпей басынтуу күчөдүгө, бийликтин чет элге кадыр баркы абройу жок экенин тастыктап жатат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: