super.kg logo

Чүйдө дайынсыз жоголгон аялдын жансыз денеси Бишкектеги кудуктан табылды

 

Чүй облусунда дайынсыз жоголгон аялдын жансыз денеси Бишкектен табылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалымдалгандай, 1982-жылы туулган Сокулук районунун Т.Г. аттуу тургуну 17-сентябрь күнү Новопавловка айылында жашаган үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болуп жаткан.

Аталган факты каттоого алынып, “адам уурдоо” беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Новопавловка айылындагы кыздын батиринде жашаган, мурда адам өлтүрүү боюнча соттолгон К.Т. аттуу жаран аныкталган.

Милиция кызматкерлери анын жүргөн жерин аныкташкан. Ал Ош облусунан кармалып, Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын тергөө кызматына жеткирилип, сурак учурунда Т.Г.ны өлтүргөндүгүн моюнуна алган.

Шектүү Бишкектин Ботаникалык бакчасынын түштүк тарабындагы эки метрлик люкту көрсөтүп, аялдын сөөгүн ошол жерге ыргытып жибергенин билдирген. Мындан сырткары экөөнүн ортосунда пикир келишпестик болгонун, каза болгон жаран аны кемсинткенин айткан.

21-сентябрда 1984-жылы туулган К.Т аттуу жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Тергөө иштери уланууда.






Шектүү кармалды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: