super.kg logo
  Спорт  

Индонезиянын президенти стадиондо 174 адам каза болгондугуна байланыштуу ФИФАдан жардам сурады

 

Индонезиянын президенти Жоко Видодо 174 адамдын өмүрүн алган футбол беттешиндеги трагедиядан кийин Эл аралык футбол федерациясына (ФИФА) жардам сурап кайрылды. Бул тууралуу чет элдик спорт басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Видодо ФИФАнын президенти Жанни Инфантино менен телефон аркылуу сүйлөшкөн.

"Инфантино, эгер керек болсо ФИФА Индонезиянын футбол жетекчилиги менен кырдаалды оңдоого жардам берем деп ишендирди", - деген Видодо.

Ал арада ФИФА бул окуяны "түшүнүксүз трагедия" деп атап, Индонезиянын Футбол федерациясын бул трагедияга кылдат иликтөө жүргүзүүгө чакырды.

Индонезиянын лидери өз кезегинде адам өлүмү менен коштолгон тыгын болгон Маланг шаарындагы "Канжурухан" стадионуна баргандан кийин коомдук иштер министрине бардык футбол стадиондорун текшерүүнү тапшырды.

Маланг шаарындагы стадиондогу трагедия 2-октябрга караган түнү өткөн “Арема” жана “Персебая” командаларынын беттешинен кийин (2:3) болгон. Жеңилген клубдун күйөрмандары талаага чуркап чыгышып, полиция аларга каршы көздөн жаш агызуучу газ колдонгон. Мындан улам стадиондогу эл дүрбөлөңгө түшүп, көпчүлүк адамдар тепселендиде калган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: