Баткенде аскер кызматкеринин өзүн-өзү атып алуусу: Аскердик прокуратура экспертиза дайындады
Баткен гарнизонунун Аскердик прокуратурасы Коргоо министрлигинин “Илбирс” атайын бөлүгүнүн прапорщигин өзүн-өзү атып алуу фактысын текшерүүдө. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Башкы прокуратурадан билдиришти.
Кабарлангандай, аталган окуядан кийин бир катар экспертизалар дайындалган.
Атайын кызматтан маалымдашкандай, учурда текшерүү жүрүп жатат. Соттук-медициналык, баллистикалык жана химиялык экспертизалар дайындалган.
Эске салсак, кечээ, 5-октябрь күнү Баткен облусунда "Илбирс" атайын бөлүгүнүн кызматкери өзүнө-өзү көкүрөгүнө ок чыгарган. Окуя болжол менен түнкү 00:30 чамасында болгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















