Аксыда 50 үй-бүлөгө ишкерлик баштоо үчүн каражат берилди
Жалал-Абад облусунун Кербен шаарында "Социалдык келишим" долбоорунун алкагында аз камсыз болгон 50 үй-бүлөгө 100 миң сомдук сертификаттар тапшырылды.Маалыматка ылайык, долбоордук сынакка "үй-бүлөгө көмөк" жөлөк пулун алуучу жумушсуз, аз камсыз болгон үй-бүлөлөр катышып, бизнес-идеяларын сунуш кылышкан.
"Сынактын жыйынтыгында 50 үй-бүлө мамлекеттен 100 миң сомдон жардам алып, өз бизнес-идеяларын ишке ашыра башташты.
Андагы бизнес-идеялар: мал чарбачылыгын өнүктүрүү (сүт азыктары жана багып сатуу), тигүү цехтери, пескоблок иштеп чыгаруу цехи, азык-түлүк дүкөнү, мөмө-жемиш кургатуу цехи, күнөсканалар.
Жеринде Эргешбай Жалалитдинов ачкан пескоблок цехи жана Асель Чыныкеева ачкан тигүү цехтери менен таанышып жаш ишкерлерге кеп-кеңештер айтылды", - деп айтылат маалыматта.
Маалымат үчүн: Каражат Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги тарабынан "Үй-бүлөгө көмөк" жөлөк пулдун алуучулардын арасында берилүүдө. Каражат алган үй-бүлөлөр ишкердик баштап, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн катарынан чыгууга аракет көрөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:08
2025-11-23
16:50
2025-11-23
16:19
2025-11-23
12:30
2025-11-23
11:10
2025-11-23
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















