Ошто күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды
Ош облусунда жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы Сейсмология институтунун маалыматына таянып билдирди.
Маалымдалгандай, жер титирөө 23-октябрда саат 21:24тө Ош облусунун аймагында катталып, очогунда күчү 3 баллга жеткен.
"Жер титирөө Өзгөн районунун Өзгөн шаарында, Шераалы, Чимбай, Мырза-Арык, Куршаб айылдарында - 3 балл, Тогой, Шоро-Башат, Красный-Маяк, Социализм, Бакмал, Мырза-Аке айылдарында - 2,5 баллга чейин сезилген", - деп айтылат маалыматта.
Андан жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:08
2025-11-23
16:50
2025-11-23
16:19
2025-11-23
12:30
2025-11-23
11:10
2025-11-23
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















