"Кыргыз темир жолу" жүргүнчүлөрдү ташуучу поезддердин графигин жарыялады
"Кыргыз темир жолу" ишканасы жүргүнчүлөрдү ташуучу поезддердин графигин жарыялады. Ага ылайык, өлкө ичинде күн сайын Бишкек-1 - Токмок жана Бишкек-2 - Кайынды каттамы жүрөт.Эл аралык жүргүнчүлөрдү ташуучу каттам боюнча кошумча маалымат:
Бишкек - Самара
№17 Бишкек - Самара багытындагы поезд жумасына эки жолу шаршемби жана жума күндөрү жөнөйт. Самарага жума жана жекшемби күндөрү жетет.
№18 Самара - Бишкек багытындагы поезд Самарадан ишемби жана дүйшөмбү күндөрү жөнөп, Бишкекке дүйшөмбү жана шаршемби күндөрү келет. Бир тарапты көздөй жолдо жүрүүнүн жалпы убактысы 56 саат 30 мүнөттү түзөт.
Бишкек - Казань
№305 Бишкек - Казань багытындагы жүргүнчү поезди Бишкектен жумасына бир жолу, дүйшөмбүдө жөнөйт. Казанга бейшемби күнү келет.
№306 Казань - Бишкек багытындагы жүргүнчү поезди Казандан бейшемби күнү чыгат. Бишкекке жекшемби сайын келет. Убактысы 64 саат 40 мүнөттү түзөт.
Бишкек-Новосибирск
№386 Новосибирск - Бишкек багытындагы жүргүнчү поезди сегиз күндө бир жолу каттайт. Убактысы 52 саат 43 мүнөттү түзөт.
Каттамдарды тактап алуу үчүн төмөнкү телефондорго кайрылсаңыздар болот: 0705 076696, стационардык телефон: (0312) 30-02-09, (0312) 92-68-54, (0312) 92 -68-40.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:08
2025-11-23
16:50
2025-11-23
16:19
2025-11-23
12:30
2025-11-23
11:10
2025-11-23
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















