ЖЫЛНААМА: Бүгүн ырчы Гүлбү Ороскул кызы көзү тирүү болгондо 46 жашка чыкмак
Бүгүн, 1-ноябрда белгилүү ырчы Гүлбү Ороскул кызы көзү тирүү болгондо 46 жашка чыкмак.

Гүлбүбү Ороскул кызы 1976-жылдын 1-ноябрында Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунун Авлетим айылында төрөлгөн.

1991-жылы Авлетим орто мектебинде 8-классты аяктап, Бишкек шаарындагы Мураталы Күрөӊкеев атындагы музыкалык окуу жайына тапшырып, 1995-жылы ийгиликтүү аяктаган. 1996-жылы Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Искусство институтуна тапшырып, 2000-жылы бүтүргөн.

Ырчы айым Айзуура Иманалиева жана Сезим Иманалиева аттуу эки кызды тарбиялаган.

Ырчынын "Балама", "Арзуу", "Мажүрүм тал", "Менин өмүр жазым", "Агылам сага", "Ортомчу бизге Ысык-Көл" жана башка ырлары бар.

Гүлбү Ороскул кызы 2000-жылдан бери маданият чөйрөсүндө кызмат кылып келген. Кыргыздын белгилүү ырчы айымдарынан түзүлгөн «Достор» тобунда да ырдаган.

2015-жылдан бери КТРКнын «Кыз-жигит сармерден» теледолбоорунун алып баруучусу болуп эмгектенген.

Ал 2017-жылдын 6-октябрында оорудан улам көз жумган.

1-ноябрга карата жылнаама.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















