Япония Кыргызстанга 1 миллион доллар өлчөмүндө кайтарымсыз жардам көрсөтөт
Япония Кыргызстанга 1 миллион доллар өлчөмүндө кайтарымсыз жардам көрсөтөт. Мындай чечим аталган өлкөнүн өкмөтү тарабынан 28-октябрда кабыл алынган. Бул тууралуу Япониянын Кыргызстандагы элчилиги билдирди.
Маалымдалгандай, жардам кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан улам Кыргызстандагы гуманитардык кырдаалдын курчушуна жооп катары көрсөтүлүүдө.
"Бул жардам аркылуу Япония өкмөтү Бириккен Улуттар Уюмунун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын жана БУУнун Качкындар боюнча жогорку комиссарлыгы (БУУ КЖКБ) менен биргеликте тамак-аш, баш калкалоочу жай, азык-түлүк эмес товарлар, коргоо жана башка гуманитардык жардам көрсөтөт", - деп айтылат билдирүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:08
2025-11-23
16:50
2025-11-23
16:19
2025-11-23
12:30
2025-11-23
11:10
2025-11-23
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















