Ошто "Петербург кечеси" өтөт
Ош шаарында "Кыргызстандагы Петербург кечеси" деген аталыштагы маданий иш-чара өтөт. Ал 5-9-ноябрь күндөрү уюштуруларын калаа мэриясынын маалымат кызматынан кабарлашты.Мэриянын маалыматында Ош менен Санкт-Петербург бир тууган шаар экени айтылат.
6-ноябрда петербургдук жазуучулар Оштун чыгармачыл интеллигенциясы менен жолугат. СССРдин 100 жылдыгына арналган "Биздин дарек-Советтер Союзу" (Наш адрес-Советский Союз) деп аталган жыйнактын бет ачары болот. Ага кыргызстандык автор Бахтияр Койчуевдин "Гроза" чыгармасы кирген.
8-9-ноябрда адабият мугалимдери үчүн азыркы орус адабиятындагы негизги тенденциялар боюнча курстар менен мастер-класстар болот. Анын жыйынтыгы менен катышуучуларга сертификат тапшырылат.
Мындан сырткары, бир тууган шаарлардын алкагында кызматташууга багытталган иш-чара өтөт. Анын жүрүшүндө тараптар мындан аркы алаканы өнүктүрүү жана кеңейтүү жолдорун талкуулайт.
Белгилүү болгондой, иш-чараны Орусиянын тышкы иштер министрлигинин колдоосунда Санкт-Петербургдун тышкы байланыштар боюнча комитети менен Ош мэриясы уюштуруп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:08
2025-11-23
16:50
2025-11-23
16:19
2025-11-23
12:30
2025-11-23
11:10
2025-11-23
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















