ЖОЖдорго кышкы кабыл алуу үчүн ЖРТ 26-ноябрда башталат
ЖОЖдорго кышкы кабыл алуу үчүн Жалпы республикалык тестирлөө 26-ноябрь жана 27-ноябрда өтөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги маалымдады.Анда айтылган маалыматка ылайык, 25-ноябрда саат 13:00дөн 17:00гө чейин абитуриенттерди кошумча каттоо жүргүзүлөт.
Тестирлөө борборлору:
Бишкек шаарындагы №72 орто мектеби;
Бишкек шаарындагы №95 окуу-тарбия комплекс мектеп-гимназиясы;
Ош шаарындагы “Жетиген” мектеп-лицейи.
Каттоого мамлекеттик үлгүдөгү документтер менен ырасталган жалпы орто же кесиптик орто билими бар жана учурда 2022-2023-окуу жылында ЖОЖдордо окубаган адамдарга уруксат берилет.
Белгилесек, 49 жогорку окуу жай кышкы кабыл алууну өткөрөт. Алардын ичинен: 17 мамлекеттик, 33 мамлекеттик эмес жогорку окуу жайлар.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:08
2025-11-23
16:50
2025-11-23
16:19
2025-11-23
12:30
2025-11-23
11:10
2025-11-23
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















