Бишкектин чоң көчөлөрү 4 күн бою маал-маалы менен жабылып турат (Тизме)
24-27-ноябрь күндөрү Бишкекте негизги көчөлөргө убактылуу чектөөлөр киргизилет. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынан кабарлашты.Маалыматка ылайык, жолдор Курултайга аймактардан келген катышуучуларды ташуу учурунда гана жабылат.
Убактылуу чектөө киргизиле турчу көчөлөр:
- Манас /Чыңгыз Айтматов кең көчөсү - Жибек Жолу кең көчөсүнөн Түштүк магистралга чейин;
- Жибек Жолу кең көчөсү - Фучик көчөсүнөн Лермонтов көчөсүнө чейин;
- Абдрахманов көчөсү - Жибек Жолу кең көчөсүнөн Түштүк магистралга чейин.
Белгилей кетсек, 25-26-ноябрь күндөрү Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда Элдик курултай өтөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:08
2025-11-23
16:50
2025-11-23
16:19
2025-11-23
12:30
2025-11-23
11:10
2025-11-23
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















