Саламаттыкты сактоо министринин орун басары иштен кетти
Саламаттык сактоо министринин орун басары Жаркынбек Касымбеков кызматынан бошотулду. Бул тууралуу маалыматты министрликтин маалымат кызматы тастыктады.Касымбеков бул кызматка ушул жылдын 4-июнунда мурдагы министр Алымкадыр Бейшеналиевге кылмыш иш козголуп, жумуштан четтетилгенден кийин дайындалып, ага министрдин милдетин аткаруу да жүктөлгөн.
Министрликке жаңы жетекчи болуп 23-августта Гүлнара Баатырова дайындалып, Касымбеков орун басар катары иштеп келген.
Касымбековдун кызматтан кетишинин себеби жана анын ордуна ким келери айтылган жок.
Жаркынбек Касымбеков 49 жашта. Ал 1996-жылы Медицина академиясын аяктаган. 2014-2015-жылдары Бишкектин “Тез жардам” кызматынын башкы дарыгери болгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:08
2025-11-23
16:50
2025-11-23
16:19
2025-11-23
12:30
2025-11-23
11:10
2025-11-23
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















