Сокулукта 18 жаштагы кыз дайынсыз жоголду
Чүй облусунун Сокулук райондук ички иштер бөлүмү дайынсыз жоголгон 18 жаштагы Тахмина Айдарбай кызына издөө салат. Бул тууралуу бүгүн, 13-декабрда облустук милициядан кабарлады.
Маалыматка ылайык, Тахмина 9-декабрь күнү саат 11:00дөр чамасында Сокулук районунун Ала-Тоо конушундагы үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес.
Өзгөчө белгилери: бою 160 сантиметр, орточо дене түзүлүштөгү, кой көз, кара тору.
Кийимдери: кара түстөгү куртка, ак түстөгү жоолук, кара түстөгү бут кийим.
"Тахмина Айдарбай кызынын кайда экенин билгендер болсо, төмөнкү телефондор аркылуу 0312 60-75-67, 03134 5-33-80 (нөөмөт бөлүмү), 0558 86-14-86 (издөө тобу) кайрылып коюңуздар", - деп жазылат билдирүүдө
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:08
2025-11-23
16:50
2025-11-23
16:19
2025-11-23
12:30
2025-11-23
11:10
2025-11-23
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















