Мырза-Аке-Алайкуу унаа жолуна кар көчкү түштү
Кечээ, 4-январда Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Мырза-Аке — Кара-Кулжа —Алайкуу унаа жолунун 75-чакырымында көлөмү 1500 м3 кар көчкүсү түштү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.Мындан сырткары 70-80 чакырым аралыктарында бийиктиги 50-90 сантиметр кар күрткүлөр пайда болгондуктан унаа жолу убактылуу жабылган.
"Аталган унаа жолунун 47 жана 107 чакырымдарында атайын посттор уюштурулду. Бүгүн жерине тазалоо иштерин жүргүзүүгө 1 бульдозер, 1 жүктөгүч тартылды", - деп билдиришти министрликтен.
Кошумча маалымат берилет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:08
2025-11-23
16:50
2025-11-23
16:19
2025-11-23
12:30
2025-11-23
11:10
2025-11-23
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















