9-январга карата аба ырайы тууралуу маалымат
Эртең, 9-январда түнкүсүн туруксуз аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору маалымдады.
Ага ылайык, өлкөнүн көпчүлүк аймактарында мезгил-мезгили менен кар жаап, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Түштүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -1…-4, күндүз +1…+6;
Талас жергесинде түнкүсүн -1…-3, күндүз +4…+6;
Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн 0…+5, күндүз +5…+10;
Ысык-Көлдө түнкүсүн -2…-4, күндүз +4…+6;
Нарын дубанында түнкүсүн -13…-18, күндүз -1…-6;
Бишкекте түнкүсүн -1…-4, күндүз +4…+6 градус болот.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:08
2025-11-23
16:50
2025-11-23
16:19
2025-11-23
12:30
2025-11-23
11:10
2025-11-23
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















