Бүгүнтөн баштап Төө-Ашууда кар көчкү атып түшүрүлөт
Бүгүн, 13-январдан 19-январына чейин Кыргызстандын стратегиялык маанидеги Бишкек – Ош унаа жолунда артиллериялык жабдыктарды колдонуу менен кар көчкүнү мажбурлап атып түшүрүү иш-чаралары жүргүзүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.Тактап айтканда, 13-январда Бишкек – Ош автоунаа жолунун 132-135-чакырымындагы Төө- Ашууда жана 198-чакырымында, Суусамыр – Талас –Тараз жолунда улантылат.
Тоо баштарынан көчкүлөрдү атайылап атып түшүрүү учурунда унаа каттамдары маал-маалы менен жабылып турат.
"Аталган иш-чараны Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдында түзүлгөн ыкчам топтун курамындагы Кыргызгидрометтин кар көчкү коопсуздук бөлүмүнүн кызматкерлери, Транспорт жана комуникация министрлиги, ИИМ, Башкы штаб менен биргеликте жогорудагы көрсөтүлгөн жумушту аткарышат", - деп билдиришти ӨКМдан.
Бул тууралуу кошумча маалымат берилет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:08
2025-11-23
16:50
2025-11-23
16:19
2025-11-23
12:30
2025-11-23
11:10
2025-11-23
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















