super.kg logo

Ошто арматура менен сабалып каза болгон жаран: Кылмышка шектүүлөрдүн бирөө кармалды

 

Ош шаарында арматура менен сабалып каза болгон жарандын ишине байланыштуу бир адам кылмышка шектелип кармалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына укук коргоо органдарындагы булактар билдиришти.

Окуя бүгүн, 13-январга караган түнү саат 01:15 чамасында Оштогу РСК Банктын жанында болгон. Анда Кызыл-Кыя шаарынын 1993-жылы туулган тургуну А.Н.К. арматура менен сабалып каза болгон.

Мындан тышкары, ушул эле күнү "Тез жардам" кызматы ошол эле түнү ооруканага дагы бир адамды алып барышканын милицияга билдирген. Ал бычактан жаракат алган жана абалы оор болгон. Дарыгерлер аны Курманжан-Датка көчөсүндөгү дүкөндүн жанынан табышкан.

Учурда бул фактыга шектелип бир адам кармалды. Кылмышка катышкан башка адамдарды аныктоо жана издөө иш-чаралары уланууда.






Видео: Интернеттен алынды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
13.01.2023. 15:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошолорду тактап туруп кармоо учурунда ит аткандай атып салыш керек да адамдын омуру менен ойногон мындай болот деп
13.01.2023. 15:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мыйзам бар ошонун чегинде жазалоо керек
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: