Ысык-Атада дайынсыз жоголгон 15 жаштагы бала табылды
Ысык-Ата районунда дайынсыз жоголгон бала участкалык милиция кызматкерлери тарабынан табылды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.Билдирүүгө ылайык, 2022-жылдын 17-январь күнү Ысык-Ата РИИБине арыз менен Ысык-Ата районунун Сын-Таш айылынын тургуну кайрылган. Арызында ал 16-январь күнү саат 11:40 чамасында баласы 2007-жылы туулган А.Р. мектепке чыгып кетип, жок болуп жатканын билдирген.
Бул боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иши башталган.
Жыйынтыгында милиция кызматкерлери тарабынан дайынсыз жоголгон А.Р. табылып, ата-энесине өткөрүлүп берилди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















