Өтмөктө кар көчкү атып түшүрүлдү
Бүгүн, 17-январь күнү Суусамыр - Талас - Тараз унаа жолунун 8-10-чакырымдарындагы “Өтмөк” ашуусунда кар көчкүлөрүн мажбурлап атып түшүрүү иш-чарасы жүрдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.Башкармалыктан 3 унаа, 8 кызматкер тартылып, “Өтмөк” ашуусунда кар көчкүнү Куралдуу күчтөрүнүн артиллериялык эсеби менен атууда 3600 метр куб көлөмдө көчкү түшүп, бактыга жараша Суусамыр-Талас-Тараз автоунаа жолуна кар көчкү жеткен жок.
Маалым болгондой, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атайын иш-планына ылайык, өлкөнүн кар көчкү түшүү коркунучу бар унаа жолдорунда 13-19-январга чейин кар көчкүнү мажбурлап атып түшүрүү иш-чарасы өтөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:08
2025-11-23
16:50
2025-11-23
16:19
2025-11-23
12:30
2025-11-23
11:10
2025-11-23
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















