Таласта меш жарылып, 34 жаштагы келин каза болду
Кечээ, 17-январда Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Көк-Таш айылында жеке турак жайлардын биринде жылытуучу түтүктөр жарылып, 34 жаштагы келин каза болду. Бул тууралуу маалыматты SUPER.KG порталына Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен тастыкташты.
Маалымдалгандай, ал 1989-жылы туулган А.Б. аттуу жаран экени белгилүү болду. Ал райондук оорукананын жандандыруу бөлүмүндө көз жумган.
Мындан сырткары, каза болгон келиндин 2020-жылы туулган баласы ысык сууга күйүп калганы кабарланды. Анын денесинин 8-9 пайызы күйгөнү айтылды. Ага алгачкы медициналык жардам көрсөтүлгөн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















